Халмион айыл өкмөтүнүн экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Бадалов Шералы Жалилович Кыргыз Республикасынын финансылык-экономикалык системасында көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана финансы системасын өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү" кесиптик майрамынын урматына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Халмион айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана ишкана, мекеме жетекчилери Бадалов Шералы Жалиловичти чын жүрөктөн куттуктайт.