Баяндоо


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 45-беренесине ылайык айыл аймактын компетенциясы:

1. Айыл өкмөт:

1) аймактын  жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн,  социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштурат;

2) аймактын  бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана аны айылдык  кеңеш бекиткенден кийин аткарат;

3) социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылууга катышат жана кеңеш бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылат, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жарыялайт, ошондой эле аны расмий сайтка жарыялайт жана (же) жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарга, стенддерге) жайгаштырат;

4) аймакты  өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;

5) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

6) жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

7) аймактын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды айылдык кеңеш бекиткенден кийин жүзөгө ашырат;

8) муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүгө жана тиешелүү органдар менен макулдашуу боюнча социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди, ошондой эле алардын иштеши үчүн зарыл болгон жабдууну баланска кабыл алууга катышат;

9) аймактын турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү жана абаттоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

10) аймакты куруунун башкы планын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, мыйзамдарга ылайык архитектура жана аймак куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;

11) жаратылыш кырсыктарын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык чараларды жүзөгө ашырат;

12) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат;

13) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чараларды өз убагында өткөрүүнү камсыздоого көмөк көрсөтөт;

14) мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.