Халмион айыл аймагынын юридикалык жактан аталышы Халмион айыл Өкмөтү болуп -1996 түзүлгөн. 10.06.2016-жылы каттоо номери 94765-3309-М-е, код ИУЖК 22947964 номериндеги сериясы ГПЮ № 0011440 күбөлүгүн Баткен областынын юстиция башкармалыгы тарабынан кайрадан каттоодон өткөн. Ошондой эле алынган күбөлүктүн жана бекитилген жобонун негизинде иш жүргүзүп келет.
Мекеменин юридикалык аталышы: Исхак-Полотхан айыл аймагы.
Ишкердиктин негизги түрлөрү: Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, чарба жүргузүү.
Уюштуруу-укуктук формасы: Мекеме
Жайгашкан жери (дареги): Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Кадамжай району, Халмион айылдык аймагы, Халмион айылы, Х.Матмусаев көчөсү № 36 үй.
Халмион айыл өкмөтүндө кабыл алынган нормативдик актылардын тууралыгы жана аткарылуусу жөнүндө маалымат.
Айыл аймагында негизинен кабыл алынган токтомдор Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын келген арыз каттарын ишке ашыруу , жер маселелери боюнча жана башка айыл өкмотүнүн боюнча кабыл алынып аткарылып келүүдө. Кабыл алынган токтомдор каттоодон өтуп качан аткарылгандыгы боюнча каттоо китебинде жазылган.
Халмион айыл өкмөтү боюнча тактама маалыматтар.
Халмион айыл өкмөтү 1996-жылы тузүлгөн. Халмион айыл өкмөтү Кадамжай районун батыш жагынан орун алып, дениз дэнгээлинен 850 метр бийиктикте жайланышкан. Түштүк тарабынан Кадамжай шаары, батыш тарабынан Алга айыл өкмөтү түндүк тарабы Өзбек Республикасынын Фергана облусунун Водил району менен чектешкен. Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарынан 830 км, Баткен облусунун борбору Баткен шаарынан 100 км алыстыкта жайгашкан.
Халмион айыл аймагынын жалпы аянты 63603 миң кв. метрди түзөт. Халмион айыл аймагында 13 айыл бар.
Тукруктуу калкынын саны 20243 адам, анын ичинен 97 % -айыл жашоочулары түзөт. Калктын этникалык курамы: кыргыздар – 69%, башка улутар – 31.
Айыл аймагынын катмарында 7 орто билим берим берүү мектеп, 1 толук эмес орто мектеп, 2 балдар бакчасы бар. Мектептерде 262 мугалим эмгектенет, 2018-2019- окуу жылына карата жооптуу катчынын берген отчётуна караганда төмөнкүчө:
— Жогорку билимдүүлөр — 226
— Бүтпөгөн жогорку билимдүүлөр — 7
— Атайын орто билимдүүлөр — 6
— Жалпы орто — 2
Жалпы окуучулардын саны 3553 окуучу билим алат. Алардын ичинен.
— 1-4 класс 1920 окуучу
— 5-9 класс 1448 окуучу
— 10-11 класс 320 окуучу
Класстар комплект бардыгы – 164
Айыл аймагынын калкын тейлөөдө 1 участкалык оорукана, 2 үй бүлөлүк даарыгерлер тобу,1 даарылоочу бөлүм, 5 ФАП, жеке менчик 7 аптека,1 вет. аптека,1 маданият үйү, 1 китепкана, аймактык милиция бөлүмчөсү 1, 1 микрокредиттик насыя берүүчү компаниялар, 6 банк, 2 соода компекси, 35 майда соода түйүндөрү, 7 чачтарачкана, 3 сулуулук салону, 18 коомдук тамактануучу жайлар, 32 мечит, 2 пахта арттыруучу цех, 3 тегирмен, 13 мебельный цех, 1фермердик чарба, 1 жайыт комитети, 1 СПА, 1 фермердик чарба, 1 үрөөнчүлүк чарба, 1 чек ара тозоту бар.