Халмион айыл аймагынын юридикалык жактан аталышы Халмион айыл Өкмөтү болуп -1996 түзүлгөн. 10.06.2016-жылы каттоо номери 94765-3309-М-е, код ИУЖК 22947964 номериндеги сериясы ГПЮ № 0011440 күбөлүгүн Баткен областынын юстиция башкармалыгы тарабынан кайрадан каттоодон өткөн. Ошондой эле алынган күбөлүктүн жана бекитилген жобонун негизинде иш жүргүзүп келет.
Мекеменин юридикалык аталышы: Халмион айыл аймагы.
Ишкердиктин негизги түрлөрү: Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, чарба жүргузүү.
Уюштуруу-укуктук формасы: Мекеме
Жайгашкан жери (дареги): Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Кадамжай району, Халмион айылдык аймагы, Халмион айылы, Х.Матмусаев көчөсү № 36 үй.
Халмион айыл өкмөтүндө кабыл алынган нормативдик актылардын тууралыгы жана аткарылуусу жөнүндө маалымат.
Айыл аймагында негизинен кабыл алынган токтомдор Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын келген арыз каттарын ишке ашыруу , жер маселелери боюнча жана башка айыл өкмотүнүн боюнча кабыл алынып аткарылып келүүдө. Кабыл алынган токтомдор каттоодон өтуп качан аткарылгандыгы боюнча каттоо китебинде жазылган.
Халмион айыл өкмөтү боюнча тактама маалыматтар.
Халмион айыл өкмөтү 1996-жылы тузүлгөн. Халмион айыл өкмөтү Кадамжай районун батыш жагынан орун алып, дениз дэнгээлинен 850 метр бийиктикте жайланышкан. Түштүк тарабынан Кадамжай шаары, батыш тарабынан Алга айыл өкмөтү түндүк тарабы Өзбек Республикасынын Фергана облусунун Водил району менен чектешкен. Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарынан 830 км, Баткен облусунун борбору Баткен шаарынан 100 км алыстыкта жайгашкан.