2022-жыл 1-сентябрда Халмион ( Исхак-Полотхан ) айыл аймагынын Ноогардан (Ак-Өргө) айылындагы №32 Ноогардан орто мектебинин ачылыш аземи өткөрүлдү. Иш-чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Шакиров, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж. Орозбаев, Халмион ( Исхак-Полотхан ) айыл өкмөтүнүн башчысы З. Максутов жана жергиликтүү тургундар катышты. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Шакиров окуучуларды билим күнү менен куттуктап, баалуу белектерин тапшырды.
Жаңы мектептин имараты жалпысынан 275 орунга ылайыкташып, 53 млн сомго республикалык бюджеттин эсебинен салынды. Мектеп заманбап эмеректер менен толук шартта курулуп пайдаланууга берилди.