Бүгүн 7-октябрь 2022-жыл Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Халмион ( Исхак Полотхан) айыл аймагында "Халмион Пром" ЖЧКнун жетекчиси З. Орозбаев тарабынан газаблок чыгаруучу заводдун курулушун башталышына капсула салуу аземи болуп өттү.
Иш чарага Президенттик Администрациянын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги А. Д. Джунушалиев, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артём Эдуардович Новиков, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т. М. Мадяров , Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Шакиров, Халмион (Исхак Полотхан) айыл өкмөтүнүн башчысы З. Максутов жана айылдык кеңештин төрагасы З. Кожоновтор катышты.