2022-жыл 5-ноябрь күнү Халмион (Исхак Полотхан) айыл аймагында Биринчи Элдик курултайга делегаттарды шайлоого Жергиликтүү Курултай болуп өттү. Жергиликтүү курултайга айыл аймагынан 138 делегат келип, Халмион (Исхак Полотхан) айыл аймагында болгон көйгөйлүү маселелер айтылды. Жыйынтыгында добушка коюлган элдин көйгөйлүү маселесин алып чыгууга, биринчи элдик курултайга барып катышууга 2 делегат Бегматов Камалидин жана Саитбек уулу Абдыкайым шайланды. Шайланган делегаттар 25-ноябрда Бүткүл Элдик Курултайга катышып, элдин эң көйгөйлүү маселелерин өлкө башчысына жеткирет.
Халмион (Исхак Полотхан) айыл өкмөтүнөн 2 делегат Бүткүл Элдик Курултайга катышат.
5 ноября, суббота 2022