Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.  Жапаровдун "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзамы 1-январдан тарта күчүнө кирди. 
Президент кол койгон мыйзамга ылайык, (Халмион) айыл аймагы Исхак-Полотхан айыл аймагы, (Ноогардан) айылы Ак-Өргө, (Халмион) айылы Жеңиш айылы деп өзгөртүлдү.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам улуттук идеологияны бекемдөөгө жана жарандарды патриоттук духта жана улуттук, тарыхый салттар менен баалуулуктардын негизинде рухий-адептик тарбиялоону андан ары жакшыртууга багытталган.