Бүгүн 4-март күнү Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери келип, Исхак-Полотхан айыл аймагында кызамык оорусу боюнча түзүлгөн эпидемиялык абал жана ага каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө жыйын болуп өттү. 
Аталган жыйынга айыл аймагындагы мекеме- ишкана жетекчилери, аймактык милиция бөлүмчөсү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, имамдар,  аялдар кеңеши жана айыл тургундары катышты.